ЖЭБге жеткирилген көмүрдүн сапатына байланыштуу борбордук лабораториянын директору кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 15-июнда Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жасалмалоо фактылары боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын директору М.К.З. кармалды
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле М.К.З. тарабынан жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында ЖЭБге көмүр жеткирүүчү жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, алардын ишмердүүлүгүн колдоо фактылары аныкталган.
Анын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жылуулук электр борборунун техникалык жабдууларына олуттуу зыян келтирилип, Бишкек шаарынын экологиялык абалына терс таасир тийгизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




