Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп жаткандыгы айтылды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Станциянын орточо электр кубаттуулугу — 460 МВт, жылуулук берүү — 8,694 миң Гкал, электр энергиясын өндүрүү — 11,034 миң кВт/саат. Күнүмдүк отун сарптоо көлөмү: көмүр — 7,470 миң тонна, газ — 390 миң нм³.

ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, 7 турбина агрегаты  жана 2 энергия блогу орнотулган. Азыркы тапта иштеп жаткан жабдуулар: 10 казан агрегаты, 5 турбина агрегаты, №3 жана №4 блоктор.
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана калкты электр жана жылуулук менен камсыздоо үчүн жалпы 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландалган. Көмүр жеткирүү графиги жылытуу сезону бүткөнгө чейин эсептелген.

13-январга карата ЖЭБдин кампасында 189,416 миң тонна көмүр запасы бар.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты