Баткен: Сел жүрүп, тургундар эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 2 недели мурун
2-майда болжол менен саат 19:00 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Баткен облусунун Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош–Баткен–Разаков унаа жолунун 280-чакырымында жол каттамы убактылуу жабылган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда жол каттамы ачылды. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылды.
Мындан тышкары, Баткен районунун Уч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) коопсуз жайга эвакуацияланды.
Түзүлгөн кырдаалды тактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Окуя болгон жерде иштерди координациялоону Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жүргүзүүдө.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан




