Бишкек ЖЭБ директорунун орун басары кармалды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директорунун орун басары Т.Р.А кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын январына чейин Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызмат адамдарынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин жана көмүр жеткирүүчү “АГ” ЖЧК  ортосунда лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарын бурмалоого байланышкан коррупциялык схема уюштурулганы аныкталды.

Бул схема жеткирилген көмүрдүн сапатын жасалма түрдө жогорулатуу катары көрсөтүлгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекеттик бюджетке 20 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирилген. Ошондой эле Бишкек шаарынын жылуулук сезонун туруктуу өткөрүүгө жана энергетикалык системанын ишенимдүү иштешине реалдуу коркунуч түзүлгөн.

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ)  директорунун орун басары Т.Р.А кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты