Бишкек ЖЭБинде түтүн газдарынан күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилди
- 2 месяца мурун
Күз-кыш мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБде атмосферага бөлүнгөн күкүрт диоксидин (SO₂) азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу — күкүрт тазалоо системасы ишке киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
⠀
Маалыматта айтылгандай, модернизацияланган энергия блоктору пайдаланууга берилген учурдан тартып, 2019-жылга чейин күкүрт тазалоо жабдуусу Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам, бул система токтотулган.
⠀
Азыркы тапта шламды кайра иштетүү технологиялары өнүгүп, шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу чараларынын алкагында бул система кайрадан ишке киргизилди. Жабдуу Бишкек ЖЭБинин адистеринин көзөмөлүндө иштеп жатат.
⠀
“Күкүрт тазалоо системасы көмүр жагылган учурда пайда болгон күкүрт кошундуларынын 96,6%га чейинки бөлүгүн кармап калууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтып, Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Интернет булактарынан




