Жаза аткаруу кызматы Султанбековго азык-түлүк киргизилбей жаткандыгы тууралуу атасынын айткандарын четке какты
- 2 года мурун
Жаза аткаруу кызматы тергөө абагында жаткан “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго тамак-аш киргизилбей жатат деген атасы Медетбек Султанбековдун айткандарын четке какты.
«Темирлан Султанбековдун атасынын «тергөө абагынын кызматкерлери уулуна тамак-аш жана суусундуктарды киргизбей жатат» деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Султанбеков №1 тергөө абагына түшкөндөн тарта анын атасы Медет Султанбеков сегиз ирет суусундук киргизген, алардын баары баласына өз убагында берилген. Темирлан Султанбековго баш-аягы 43 литр «Легенда» суусу, 8 литр «Аралаш» суусундугу жана 13 литр ISI ширеси киргизилген» деп билдирди мекеме.
Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун 27 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын, ага тамак-аш жана дан азыктары берилбегенин кечээ, 10-декабрда билдирген:
“Уулум 27 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Массалык маалымат каражаттары уудумдун дан азыктарын колдонуп жатканын айтышууда. Бирок мен баса белгилеп айткым келет: тамак-аш жана дан азыктары берилген жок- бул жалган. Мен уулум жок дегенде “Аралаш” суусундугун киргизүүнү кааладым эле, бирок аны да кабыл алышкан жок. Уулумду ачкачылыкты токтотууга көндүрүү үчүн да жолукканга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Элди алдап жатышат.
Уулум экөөбүз тең СИЗО кызматкерлерине жана дарыгерлерине ишенбейбиз. Себеби алар буга чейин Марат Казакпаев менен Арстанбек Абылдаевдин өлүмүнө жол беришкен. Ачкачылык акциясынын максаты – мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке, укуктук нигилизмге каршы нааразылык билдирүү жана бийликтегилердин көңүлүн бурдуруу болчу. Бирок 27 күн өттү эч ким реакция кылган жок” деди Медетбек Султанбеков.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 28 күн болду.
Бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, Сеид Атамбаевдин суроосуна жооп катары МИнистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мындай деди:
«Султанбеков боюнча. Ага эрегишпегиле, ал жаш бала деп. Эрегишпесек, жаш бала болсо, өзүн жаш баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келет. Эгер мамлекетти силер башкара албасаңар, мага бергиле, мен башкарам” деп жатат. Мамлекетти башкарганга чейин өсүп жетилсин. Азырынча мыйзам алдында жооп берсин. Ошондуктан, силерди дагы бир жолу ишендирип кетейин, эч кимге ЖАКта артыкчылык берилбейт, мыйзамга ылайык, баарына бирдей мамиле жасалат» деди Камчыбек Ташиев.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сүрөттө: Бишкектеги №1 тергөө абак жайы. «ПолитКлиника»




