Темирлан Султанбековдун атасы: «Азыркы кылмыш иши саясий негизде деп эсептейм»

  • 2 месяца мурун

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков элге экинчи жолу кайрылуу жасап, уулунун ачкачылык акциясына бийлик өкүлдөрү эч кандай реакция кылбай жатканын жана уулуна  козголгон кылмыш иши саясий негизде деп эсептей тургандыгын билдирди.  

“Азыркы кылмыш ишин толугу менен саясий негизде деп эсептейм. Баары уулум менен Таймурас Ташиевдин өкүл атасы Кубанычбек Конгантиевдин ортосундагы чатактан башталган. Эгер сиздер шайлоого байдын балдарын, “алтын жаштарды” алып келүүнү каалап, карапайым элдин балдарын катыштыргыңыз келбесе, муну ачык айтышыңыз керек болчу. Анда Темирлан шайлоого барбайт эле, 2021-жылы Жогорку Кеңешке курактык чекти 25 жашка көтөргөндө да барган эмес. Бул – саясат, ал эми мага бүгүн саясаттын кереги жок. Мага уулумдун өмүрү жана ден соолугу керек” деди Медетбек Султанбеков.

Медетбек Султанбеков тергөө абагында уулунун ачкачылык кармап жаткан акциясына бийлик өкүлдөрү эч кандай реакция кылбай жатканын билдирди.   

“Мыйзамды сыйлаган жаран катары мен мыйзам чегиндеги бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдондум. 16-ноябрда Президентке жана УКМК төрагасына видео кайрылуу жасагам – эч жооп ала алган жокмун. 26-ноябрда УКМК төрагасына уулумду ачкачылыктан чыгарыш үчүн жеке жолугушуу өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылгам. Анда дагы жооп ала албадым. Мындан сырткары адвокат аркылуу эки жолу уулум Темирлан менен жолугушууга уруксат сурагам, аны ачкачылык акциясын токтотууга көндүрүү үчүн. Бирок эки жолу тең баш тартышты. Өлкө жетекчилигинен эч кандай реакция болгон жок” деди Медетбек Султанбеков.

Темирлан Султанбековдун атасы ошондой эле уулуна дан азыктары берилип жатат деген маалыматты төгүндөдү:   

“Уулум 27 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Массалык маалымат каражаттары уудумдун дан азыктарын колдонуп жатканын айтышууда. Бирок мен баса белгилеп айткым келет: тамак-аш жана дан азыктары берилген жок- бул жалган. Мен уулум жок дегенде “Аралаш” суусундугун киргизүүнү кааладым эле, бирок аны да кабыл алышкан жок. Уулумду ачкачылыкты токтотууга көндүрүү үчүн да жолукканга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Элди алдап жатышат.

Уулум экөөбүз тең СИЗО кызматкерлерине жана дарыгерлерине ишенбейбиз. Себеби алар буга чейин Марат Казакпаев менен Арстанбек Абылдаевдин өлүмүнө жол беришкен. Ачкачылык акциясынын максаты – мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке, укуктук нигилизмге каршы нааразылык билдирүү жана бийликтегилердин көңүлүн бурдуруу болчу. Бирок 27 күн өттү эч ким реакция кылган жок” деди Медетбек Султанбеков.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 27 күн болду.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты