Камчыбек Ташиев: «Султанбеков “эгер мамлекетти силер башкара албасаңар, мага бергиле, мен башкарам” дейт
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Бүгүн, 11-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында тергөө абагында жаткан Ирина Карамушкина жана Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп берди.
Жыйында депутат Сеид Атамбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго мындай суроо узатты:
«Ирина Юрьевна Карамушкина силер менен иштеген, омбудсмен аппаратынын, Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү, атайын прокурор менен сүйлөшкөндөн кийин мени начар камерага, 259-камерага которгон» деп айтты Сеид Атамбаев.
Ошондой эле депутат Атамбаев тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков тууралуу мындай деп билдирди:
«Дагы Темирлан Султанбеков менен көп эрегишпей эле койгулачы, тирешти токтоткулачы. Кандайдыр бир консенсуска келээрсиңер. Жаш баланын абакта көп отурганы болбойт. Экинчиден, силердин партиялашыңар, Ирина Юрьевна менен көпкө иштешкенсиздер, аны мындай начар шарты бар камерага которуу, менимче, туура эмес» деп Акылбек Жапаровго кайрылды.
Бул суроого Акылбек Жапаров эмес, Камчыбек Ташиев жооп узатты:
«Карамушкинаны тергөө абагында кармоо жагы начарлады деп айтып атасыз Мунун баары жалган. Сиз барып көрдүңүзбү? Көргөн жоксуз. Телефон чалып коюшса, аны трибунадан айтып жатасыз. Азыр ЖАК өкүлү менен барып көрүңүз. Карамушкина кандай шартта жатканын көрсөткүлө. Карамушкина менен Султанбеков бизге душман эмес. Биздин өлкөнүн бир да адамы бизге душман эмес. Алар мыйзамды бузду, мыйзам алдында жооп беришет. Кандай гана артыкчылыктары болбосун» деди Ташиев.
«Султанбеков боюнча. Ага эрегишпегиле, ал жаш бала деп. Эрегишпесек, жаш бала болсо, өзүн жаш баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келет. Эгер мамлекетти силер башкара албасаңар, мага бергиле, мен башкарам” деп жатат. Мамлекетти башкарганга чейин өсүп жетилсин. Азырынча мыйзам алдында жооп берсин. Ошондуктан, силерди дагы бир жолу ишендирип кетейин, эч кимге ЖАКта артыкчылык берилбейт, мыйзамга ылайык, баарына бирдей мамиле жасалат» деди Камчыбек Ташиев.
Буга чейин “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков элге экинчи жолу кайрылуу жасап, уулунун ачкачылык акциясына бийлик өкүлдөрү эч кандай реакция кылбай жатканын жана уулуна козголгон кылмыш иши саясий негизде деп эсептей тургандыгын билдирди.
“Азыркы кылмыш ишин толугу менен саясий негизде деп эсептейм. Баары уулум менен Таймурас Ташиевдин өкүл атасы Кубанычбек Конгантиевдин ортосундагы чатактан башталган. Эгер сиздер шайлоого байдын балдарын, “алтын жаштарды” алып келүүнү каалап, карапайым элдин балдарын катыштыргыңыз келбесе, муну ачык айтышыңыз керек болчу. Анда Темирлан шайлоого барбайт эле, 2021-жылы Жогорку Кеңешке курактык чекти 25 жашка көтөргөндө да барган эмес. Бул – саясат, ал эми мага бүгүн саясаттын кереги жок. Мага уулумдун өмүрү жана ден соолугу керек” деди Медетбек Султанбеков.
Медетбек Султанбеков тергөө абагында уулунун ачкачылык кармап жаткан акциясына бийлик өкүлдөрү эч кандай реакция кылбай жатканын билдирди.
“Мыйзамды сыйлаган жаран катары мен мыйзам чегиндеги бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдондум. 16-ноябрда Президентке жана УКМК төрагасына видео кайрылуу жасагам – эч жооп ала алган жокмун. 26-ноябрда УКМК төрагасына уулумду ачкачылыктан чыгарыш үчүн жеке жолугушуу өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылгам. Анда дагы жооп ала албадым. Мындан сырткары адвокат аркылуу эки жолу уулум Темирлан менен жолугушууга уруксат сурагам, аны ачкачылык акциясын токтотууга көндүрүү үчүн. Бирок эки жолу тең баш тартышты. Өлкө жетекчилигинен эч кандай реакция болгон жок” деди Медетбек Султанбеков.
Темирлан Султанбековдун атасы ошондой эле уулуна дан азыктары берилип жатат деген маалыматты төгүндөдү.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 27 күн болду.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сүрөт коллажы: april.kg