Жарандык активист Адилет Балтабай камала турганын кабарлады

  • 4 месяца мурун

Жарандык активист Адилет Балтабай (Адилет Али Мыктыбек) өзүн Чүй облусунун Сокулук райондук милиция кызматкерлери кармап кетип жатышканы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ал “Сокулук районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз” деген адамдар автоунаага менен Сокулукка алып баратканын билдирди.

11-декабрда Сокулук райондук сотунда активисттин иши боюнча сот иши карамлмак. Бирок адвокаты ооруп калганына байланыштуу отурум 22-декабрга жылдырылган.

Сокулук райондук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

Активист Адилет Балтабай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суракта болгонун билдирди. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогун такташканын айтып берди.

Блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

2-январда Бишкек шаардык соту активист Адилет Балтабайды сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.

«Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын жакындары митингге чыгышканда байкоочу катары барсам, ал жактан дагы мени кармап кетти. Бүгүн мени сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мен өзүмдү адилетсиз камалып жатам деп эсептейм» деген ал.

Буга чейин Адилет Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты