Активист Адилет Балтабай сот залынан камакка алынды
- 5 months мурун
Бүгүн, 12-январда Бишкек шаардык соту активист Адилет Балтабайды сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды.
“Кечээ күнү Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын жакындары митингге чыгышканда байкоочу катары барсам, ал жактан дагы мени кармап кетти. Бүгүн мени сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мен өзүмдү адилетсиз камалып жатам деп эсептейм”, – деди ал.
Буга чейин Адилет Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.
Муну бөлүшүү