Адилет Балтабай күнөөлүү деп табылып, сот залынан бошотулду
- 7 ай мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-ноябрда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке байланыштуу өкүмүн чыгарды.
Ага ылайык, Балтабай 278-берененин («Жапырт башаламандык») негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.
Муну бөлүшүү