Активист Адилет Балтабай УКМКда суракта болгонун айтты

  • 7 месяцев мурун

Активист Адилет Балтабай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суракта болгонун билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүн 11-октябрда “Азаттыкка” билдирип, саат түшкү 1де алып кирип, кечки 10го чейин кармашканын, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогун такташканын айтып берди.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалганы айтылган.

Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап кетишкени 10-октябрда жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.

Жапарованын айтымында, бул тууралуу ага Сокулук районундагы пробация мекемесинин кызматкерлери билдиришти. Адилет Балтабай ал жакка кезектеги каттоо үчүн барган.

Блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Социалдык түйүндөрдөгү соңку видеосунда ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) боюнча бийликтин аракетин сындаган. 4-октябрда УКМК Көлбаев Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган жана ага бир топ айып тагылып жатканын маалымдаган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты