Жапырт камоолор: Сотто баш коргоо чаралары жана кармалуунун мыйзамдуулугу каралат

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган саясатчылардын жана  активисттердин баш коргоо чарасы 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда карала баштайт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматы боюнча, саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасы жана кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот процесси төмөнкү күндөрү өтөт:    

9 ноябрь 2022-жыл  

1. Гүлнара Журабаева – саат 09:00

2. Кеңеш Дүйшөбаев – саат 09: 000жана  10: 00

3. Али Шабдан – саат 10:00

4. Атай Бейшенбек – саат 10: 30

5. Таалай Мадеминов – саат 11: 20

6. Айбек Бузурманкулов – саат 15:30

7. Клара Сооронкулова – саат 16:00

8. Кубанычбек Кадыров — 16:00

9. Нурлан Асанбеков — 16.40

10. Перизат Суранова — 17:00

10 ноябрда

1. Равшан Жээнбеков – саат 09:00 жана 10: 00

2. Улугбек Маматаев — 09:45

3. Рита Карасартова — 09:00, 10:30

4. Акыл Айтбаев — 15: 00

5. Бектур Асанов- 16:00

6. Марат Баязов — 16: 00

7. Ерлан Бекчороев 17: 00

11- ноябрда

1.Айданбек Акматов саат 09:00

2.Жеңиш Молдакматов 11:00

3. Асия Сасыкбаева — 17:00

Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган жок.

Чынгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова, Ильгиз Шаменовдун соту качан болору тууралуу маалымат бериле элек.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Сүрөт коллажында камактагы саясатчы жана активисттердин тобу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты