Жапаров Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-сентябрда, Президент Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулагаы айтылды.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашты.

16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга агрессиясы орун алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты