Жапаров-Атамбаев кайым айтышы: Өмүрбек Бабанов Атамбаевди аксакал катары туура кадам жасоого чакырды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышына мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кошулду. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевди аксакал катары туура кадам жасоого Фейсбук баракчасы аркылуу чакырды. 

“Сизде эгер чын эле таарыныч бар болсо, анда акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырам. Сырттан туруп талашпай-тартышпай, тескерисинче, Кыргызстанды алдыга жылдырууга умтулалы. Бүгүн өлкөгө саясий чаң-тополоң эмес, тынчтык жана биримдик керек. Ушул гана элибизге өнүгүү алып келет” деди мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов.

-Бүгүн жаңылыктардан Алмазбек Шаршеновичтин саясий атаандаштык тууралуу айтканын окуп калдым. Саясий талкуулардан алысмын, бир гана адилеттик, калыстык үчүн кыскача ой бөлүшүп коеюн дедим,-деп Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоо кандай өткөнүн эске салды:    

-2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, агитаторлорду тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткенмин. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп-жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин,-деди Өмүрбек Бабанов.

-Кошумча. Атаандаштык жөнүндө бир нерсени да унутпайлы: Атамбаевдин бир уулу шаардык кеңеште, экинчиси Жогорку Кеңеште, эми кайра талапкер болуп жатат. Мындай учурда атаандаштык жөнүндө айтуу башка бирөөгө көбүрөөк жарашмак, -деди Бабанов.

-Азыр болсо өлкөдө стабилдүүлүк орноп, криминалсыз, башаламандыксыз тартип түзүлүп жатканын көрүп турам. Ошондуктан бүгүнкү биздин милдет – өлкөдөгү туруктуулукту сактап, анын өнүгүшүнө көмөктөшүү… Мамлекеттин тагдыры жеке таарынычтан, жеке амбициядан да маанилүү. Сизде эгер чын эле таарыныч бар болсо, анда акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырам. Сырттан туруп талашпай-тартышпай, тескерисинче, Кыргызстанды алдыга жылдырууга умтулалы. Бүгүн өлкөгө саясий чаң-тополоң эмес, тынчтык жана биримдик керек. Ушул гана элибизге өнүгүү алып келет, -деди Бабанов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президент Садыр Жапаровдун кайым айтышуусу 9-ноябрда башталган. Энергетика тармагынан башталган сын башка тармактар боюнча да уланды.

Кайым айтышууга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кошулуп, Фейсбук баракчасы аркылуу жооп жазган.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөргөндүгү жана чет өлкөдө дарылана тургандыгы айтылды.

2021-жылы 31-майда УКМКга суракка чакырылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынган. Андан кийин ден соолугуна байланыштуу бошотулган.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Сүрөттө: Өмүрбек Бабанов. Кыргыз футбол биримдиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты