Жапаров-Атамбаев кайым айтышы: Эми Сапар Исаков кошулду

Буга чейин президент Садыр Жапар менен мурдагы президент кайым айтышып келсе, эми ал кайым атышууга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кошулуп, Фейсбук баракчасында жооп узатты.  

-Азыркы талкууланып жаткан маселелер менин президенттин аппаратында иштеп, премьер-министрлик кызматты аркалап турган мезгилиме (2011–2018-жж.) түздөн-түз байланыштуу жана энергетикадагы көптөгөн негизги процесстер менин түздөн-түз катышуум менен өткөн. Тилекке каршы, Садыр Жапаров тарабынан айтылган жүйөөлөр чындыкка дал келбейт. Мындан улам энергетика тармагынын өнүгүү тарыхы тууралуу президентке толук эмес же бурмаланган маалымат берилип жаткандай таасир калтырат. Бул маселеде кызыл кулактыкка жана коомдук пикирди манипуляциялоого мындан ары бөгөт коюу үчүн бир нече фактыларды ачыкка чыгаруу зарыл деп эсептейм,-деди Сапар Исаков.

-Бишкек ЖЭБ жөнүндө учурдагы президенттин 2011–2017-жылдар аралыгында «бир дагы электр станциясы курулган эмес» деген билдирүүсү белгилүү фактыларга карама-каршы келет. Учурда Бишкектин эски ЖЭБинин ордунда так ошол мезгилде ишке киргизилген, жаңы энергоблоктору бар модернизацияланган жылуулук электр борбору иштеп жатат. Өлкөнү азыркы энергетикалык кризистин оор кесепеттеринен сактап турган мына ушул кубаттуулуктар: алар Нарын жана Ысык-Көл облустарынын керектөөсүнө теңдеш өлчөмдө электр энергиясын иштеп чыгат кылат жана басымдуу генерация өлкөнүн түштүгүндө жайгашкандыктан, күз-кыш мезгилинде энергетикалык тең салмактуулуктун негизги элементи болуп саналат.

Кошумча 300 МВт электр энергиясы жана 300 Гкал жылуулук болбогондо, Бишкек азыр электр энергиясынын гана таңкыстыгына эмес, жылуулук менен электр камсыздоонун толук масштабдуу кыйрашына дуушар болмок. Жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенден бери борбордук ЖЭБ бир да жолу иштен чыгып токтоп калган жок, системанын үзгүлтүксүз иштешин жана шаарды жетишерлик көлөмдөгү маанилүү жылуулук менен камсыз кылууда,-деди Исаков.

«ЖЭБди модернизациялоодо баалар жогору жана каражаттар уурдалган деген айыптоолор далилсиз»

-ЖЭБди модернизациялодо «баалар жогорулатылган» жана каражаттар уурдалган деген айыптоолор эч бир далилсиз куру сөздөр жана бул Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда башталган саясий жактан мотивдештирилген иштерден келип чыккан. Долбоор мамлекеттер аралык модель боюнча ишке ашырылган: подрядчы ТВЕА компаниясы Кытайдын «Эксимбанкынан» түздөн түз каржыланып турган жана кытай тараптын катуу көзөмөлүндө болгон. Бул кыргыз чиновниктеринин кандайдыр бир коррупциялык схемаларга катышуусун жокко чыгарган. Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун Тажикстандагы окшош долбоорлордун баасы менен салыштырганы коомчулукту адаштырат, анткени ал анын негизги жагдайларын айткан жок.

Маалымат үчүн:

-Дүйшөмбүдөгү ТЭЦ-2нин (400 МВт) курулушунун эки этабы Тажикстанга 350 млн долларга турган, бирок ошол эле учурда кытай компаниясына 51,7 тонна алтындын тастыкталган запасы бар «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» алтын кендери иштетүүгө өткөрүлүп берилген. Бул кендердин экономикалык баалуулугу 2-3 млрд долларга бааланат. Аталган алтын активдерин өткөрүп берүү долбоордун реалдуу баасы болгон.

— Кубаттулугу 300 МВт электр энергиясын жана 300 Гкал жылуулукту түзгөн Бишкек ЖЭБи жер астындагы кен байлыктарды, ресурстарды жана рудниктерди өткөрүп бербей, купуя милдеттенмелерди албай жана стратегиялык активдерге мамлекеттин көзөмөлүн жоготпой туруп 386 млн долларга бааланган.

-TBEA компаниясы Кара-Кече ЖЭСнин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга, ЖЭБди жабдууга, мектеп курууга жана жабдууларды жеткирүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз кошумча 20,3 миллион доллар бөлүп бергени туурасында күнөө тагып аткандар такыр унчукпайт.

Ошентип, кыргыз келишими аймактагы экономикалык жактан эң пайдалуу жана ачык-айкын келишимдердин бири болгон, аны тажик тажрыйбасына каршы коюу аракеттери бул долбоорлордун реалдуу мазмуунуна туура келбейт жана саясий жактан мотивдештирилген айыптоолордун уландысы болуп саналат.

“Бул кампания саясий өч алуу максатында башталган”

-Бул кампания саясий өч алуу максатында башталган жана ачык болуп турган факты — эски станциядагы авариялардан, аны оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымды бийлик азыркыга чейин коомчулуктан жашырып келатканынан айырмаланып, модернизацияланган ЖЭБ Бишкекти бүгүн энергетикалык кыйроодон сактап турганына карабай азырга чейин уланууда.

Жогорку Нарын каскады жөнүндө

-2012-жылы «РусГидро» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлган. Документке ылайык, россиялык тарап 100% инвестиция тартууга, ал эми кыргыз тарап курулуш аянтын (жерлерди сатып алуу жана трансформациялоо) даярдоого милдеттенген. 2015-жылы россиялык тарап каржылык кыйынчылыктардан улам долбоорду коё турууга аргасыз болуп жатканын билдирген. Иш жүзүндө долбоор белгисиз мөөнөткө токтотулган. Мына ушундай шарттарда Жогорку Кеңеш келишимди денонсациялаган.

Денонсациядан кийин «РусГидро» болжолдуу түрдө келтирилген чыгымдар үчүн деп 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүү талабын койгон. Кыргыз Өкмөтү айтылган сумманын негиздүүлүгүнөн олуттуу күмөн санап, көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштаган. Россиялык тарап андан баш тартып, сотко кайрылган.

Мындай айтканда, денонсациянын максаты долбоорду «үзгүлтүккө учуратуу» же «жаап салуу» болгон эмес, аны арсар абалдан чыгарып, Кыргызстанга долбоорду улантууга шарты жок экенин моюнга алган өнөктөш «РусГидронун» алдында алган милдеттенмелерине байланып отурбай, жаңы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү болгон

“Маалыматтарды кайрадан текшерип чыгууга чакырам”

Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө

-Бүгүнкү күндө ар кандай саясий күчтөр Токтогул ГЭСин реконструкциялоо ишин өзүлөрүнө энчилеп алууга аракет кылышууда. Бирок бул долбоор боюнча негизги чечимдер 2016-жылы кабыл алынган, ал эми 2017-жылдын май айында аны практикалык реализациялоо башталган — контракттарга кол коюлуп, курулуш жана монтаждоо иштери башталган. Бул жааттагы стратегиялык макулдашуулар, каржылоо планы жана долбоордун ишке киргизилиши Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгилине таандык. Бардык кийинки этаптар башка саясий күчтөр тарабынан нөлдөн башталган демилге эмес, мурда негизделген курстун уландысы болгон.

Эксперттик коомчулукту мен жогоруда келтирген бардык маалыматтарды кайрадан текшерип чыгууга чакырам.

“Майнинг фермалар электр энергиясын ири көлөмдө керектөөнү улантышууда”

-Өлкө кайрадан энергетикалык кризиске туш болгон бүгүнкү күндө коомчулук бийликтен: антикризистик чаралардын комплекси кандай, болжолдонгон дефицит кандай жана анын экономикага, социалдык чөйрөгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна тийгизген кесепеттери кандай болору туурасында толук жана так маалыматты талап кылууга укуктуу. Адамдарга өйдө- төмөн билдирүүлөр эмес, иш-аракеттердин толук, тыкыр эсептелген, конкреттүү эсептөөлөрдү, прогноздорду, бааланган тобокелдиктерди жана ресурстардын күтүлгөн үнөмдөөлөрү камтылган планы керек болуп турат.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө калк электр энергиясын өчүрүү графиктери боюнча жашоого жана ар бир киловаттты үнөмдөөгө аргасыз болууда, ошол эле мезгилде майнинг фермалар электр энергиясн ири көлөмдө керектөөнү улантышууда. Мындан тышкары, бул тармактын реалдуу кирешеси тууралуу коомчулукка эч кандай маалымат берилген жок.

Мындан улам майнингдин чыгымдары менен пайдасы чынында эле талданып чыкканбы, ал потенциалдуу киреше Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна таасир эте турган тобокелчиликтерди актаарын көрсөтө алабы, ошондой эле мындан кем эмес мааниге ээ маселе – акыркы беш жылда системаны бекемдөө үчүн эмне иштер аткарылды деген мыйзам ченемдүү суроо туулат,-деди Сапар Исаков.  

«Кабар» агенттигине берген маегинде Сады Жапаров буларга токтолгон:

-Бишкек ЖЭБ боюнча айтсам. Элдин баары билет. 386 миллион долларга жапжаңы ЖЭБ салып койсо болмок. Алар эски ЖЭБдеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан. Ошол эле мезгилде Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ЖЭБ салдырып алышкан. Демек, ал жакта уурулук болгон эмес. Мындай чоң долбоорду Эмомали Шарипович жеке өзү көзөмөлүнө алса керек. 14 жаңы мештин 4 меши биригип 400 МВт энергия берет, калган 10 меши жылуулук берет. Биздики болсо 386 миллион долларга жаңыланган 2 мешибиз 300 МВт берет. Калган 22 мешибиз чирип турат» деген Садыр Жапаров.

-Түшүнүктүү болуш үчүн жөнөкөй тил менен мисал келтирдим. Кыскасы Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ЖЭБ салдырып алып жатат. Биздикилер болсо 386 миллион долларга эски ЖЭБдин ичиндеги 2 мешти жаңылап коюп атат. 111 миллион доллар желип кеткен деп сотто далилденген. Ошол үчүн Сапар Исаков менен Аскар Шадиев качып жүрөт. Ошол мезгилде тергөө жакшылап тергеген эмес болуш керек деп ойлойм. Себеби, 2 мешке 275 миллион доллар кетмек эмес.

Баса, Жогорку Нарын ГЭСи да эсиме түшө калды. Айта кетпесем болбойт. Бекназаров айткандай «Айтпайын десем өзүңөр айттырасыңар да» дегендей. Дүңгүрөтүп бир «носилка баткак», эки даана күрөк менен баштаган Жогорку Нарын ГЭСи биз үчүн катастрофа болду. “РусГидро” бизди сотко берип 37 млн долларга доого жыкты. Анын үстөгү өсүп олтуруп бүгүнкү күнү 50 млн долларга жетти.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президент Садыр Жапаровдун кайым айтышуусу 9-ноябрда башталган. Энергетика тармагынан башталган сын башка тармактар боюнча да уланды.  

Андан мурда Садыр Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Алмазбек Атамбаевдин энергетика тууралуу айткандарына жооп берди. 

«Энергетика системасы боюнча башкасы сүйлөсө да, Атамбаев сүйлөбөй эле койбоптур да. Ага чейинкилер энергосистемабызды кризиске алып келген болсо, Атамбаев сазга батырган. Ошол саздан дагы деле чыга элекпиз. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгабыз. Сөзүм куру болбос үчүн сандар, фактылар менен далилдеп берейин. Салыштырып көргүлө. 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон. 2010-жылдан 2020-жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллиард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр» деген Жапаров.

Ал эми ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча мурдагы сын-пикирлерине Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго беш жыл мурда мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылы июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузду.

Сүрөттө: Сапар Исаков. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты