​Өмүрбек Бабанов камакка алынды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 31-майда, УКМКга суракка чакырылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынды.


Бул тууралуу билдирген УКМКнын маалымат кызматы «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Ө.Бабанов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, камакка алынды»- деп билдирди.

Бүгүн, 31-майда «Кумтөр»иши боюнча, ошондой эле мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаров дагы УКМКга суракка чакырылышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты