Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровдун энергетика боюнча сындарына жооп берди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча сын-пикирлерине Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

«Президенттин бул кайрылуусунда, тилекке каршы, дагы эле мен өлкө башчы болуп турган мезгилге байланыштуу көптөгөн чындыкка дал келбеген сөздөр бар. Ошондуктан мен айрым нерселерди тактап кетүүнү өзүмө милдет деп эсептейм» деди Алмазбек Атамбаев.

«2011-жылы мен мамлекет башчылыгына келген кезде өлкөнүн энергетикасы эң төмөн абалда турган. Дал ошол энергетика системасынын фактык кыйрашы 2010-жылдагы Апрель революциясынын башкы себептеринин бири болгон. Веердик өчүрүүлөр күн сайын жүрүп, кыш мезгилинде бүтүндөй аймактар жана шаарлар сааттап, кээде суткасына чейин жарыксыз калчу. Бишкектеги абал да мындан жакшы эмес эле – турак үйлөрдү үч фазалуу электр кубатынан ажыратып, көчө чырактарынын өзүн өчүрүп, үнөмдөөнүн ар кандай ыкмалары колдонулуп жаткан. Эсимде, бир жолу түнү Москвадан учуп келатып, Орусия менен Казакстандын жаркыраган шаарларын көргөндөн кийин жарым караңгы, өчүп бараткан Бишкекти көргөндө жүрөгүм тилинип кеткендей болгон» деди Атамбаев.

«Кызматтан кеткен кезде энергетикалык маселе чечилди деп ишенчүбүз«

«2017-жылы кызматтан кеткен кезде мен да, биздин энергетиктердин командасы да Кыргызстандагы энергетикалык маселе түп-тамыры менен чечилди деп ишенчүбүз. Мен 2017-жылга келгенде өлкө Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинен көз карандылыктан чыга алганына, 2017–2018-жылдары биз электр энергиясынын импортун толугу менен токтотконуна сыймыктанчумун. Муну мен Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атачумун. Ошондуктан азыркы энергетикалык абалды көрүп, өлкөнү 2010-жылдын жазындагы абалга кантип кайра жеткирип коюуга болорун түшүнүү кыйын»

«Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан «купуя» деп жарыяланган эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган. Бишкек ЖЭБи үчүн жабдууларды сатып алуу тендерлери да ар дайым депутаттарга жана журналисттерге ачык болуп, аларга эч качан «купуя», «ДСП» деген белгилер коюлган эмес. Мунун баарын бир гана «эч нерсе жасалган эмес» деген сөз менен чийип салуу – бул Алмазбек Атамбаевге гана эмес, 90-жылдардагы кыйроодон энергетиканы тартып чыккан миңдеген адамдардын эмгегине акаарат. Бул – өлкөнү энергетикалык кризистен ийгиликтүү чыгарып кеткен бүтүндөй команданын эмгегин тебелеп-тепсөө».

«Эми өлкө кол менен жасалган эң оор энергетикалык кризисти баштан кечирип жаткан кезде бийликтин майнингди активдүү өнүктүрүп, криптовалюталар боюнча кеңешмелерди соттор тарабынан аферист, алдамчы деп таанылган адамдар менен өткөрүп, ошол эле учурда өлкөнүн ичинде тартыш болуп турган электр энергиясын үч эсеге көбүрөөк көлөмдө Казакстанга арзан баада экспорттоп жатканы кандай логикага сыймак эле?»

«Эсиңиздерде болсун: Кыргызстан үчүн эгемендүүлүк жана улуттук коопсуздук жагынан өтө маанилүү үч долбоор – «Датка–Кемин» ЛЭПи, Бишкек ЖЭБинин жаңы блогу жана «Түндүк–Түштүк» жолу – үчүн жалпысынан бир миллиард доллардын тегерегинде жеңилдетилген насыя алынган. Бул долбоорлор биздин өлкөнү бир нече ирет техногендүү кырсыктардан жана кошуна өлкөлөрдүн басым-кысымынан сактап калды. Ошол эле учурда биз жарым миллиард доллардан ашык сырткы карызды кечтирүүгө жетиштик жана Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду сыяктуу булактардан миллиондогон, миллиондогон кайтарымсыз гранттарды тарта алдык».

«Ал эми башка президенттердин тушунда алынган миллиарддаган кредиттер кайсы долбоорлорго жумшалды? Алардын тушунда кандай карыздар кечирилди? Бүгүн өлкөнүн мамлекеттик карызы 8,6 миллиард долларга жетти».

«Азыркы бийликтин биздин катачылыктарды сындоого толук укугу бар. Бирок…»

«Мен эч качан «менин тушумда баары идеалдуу болчу» деп айткан эмесмин, бүгүн да антип айткандан алысмын. Бирок 2010–2017-жылдардагы бүтүндөй бир доорду «кара тешик» деп атаганга таптакыр каршы турам».

Энергетика тармагында чыныгы тартип орноткубуз келсе…

«Эгер биз энергетика тармагында чыныгы тартип орноткубуз келсе, импорт жана экспорт кылынган электр энергиясы боюнча бардык маалыматтарды ачык жарыялап, цифраларды саясий абалга жараша жашырууну токтотушубуз керек».

«Ошондой эле энергетика тармагындагы бардык муундардын салымын моюнга алып, тарыхты бир гана фамилияга чейин кыскартпай, «бизге чейин» жана «бизден кийин» деп экиге бөлбөшүбүз зарыл» деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында элди түйшөлтүп жаткан маселелерге, анын ичинде энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолгон.

-Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. 5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын. 5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген,-деп жазды президент Жапаров Фейсбук баракчасында.

Садыр Жапаров карыздар ар кандай реформа жүргүзүүнүн аркасында азайтылганын белгиледи:

«Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард сом карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк» деди президент. -Кудай буюрса, келээрки жылы мындан да толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт» деген Садыр Жапаров.

Президент Фейсбук баракчасында ички жана тышкы карыздар темасына да токтолду. Мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 42% түзөрүн жана мамлекеттик карыз боюнча кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

«Ошондуктан, тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп коңгуроо кагып трагедия кылып, элди көтөрүүгө аракет кылып жаткандарга көңүл бурбагыла» деди Садыр Жапаров.

«Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерлук, алдым-жуттумдук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле» деп жазды президент Жапаров.  

-Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот,-деген Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты