Жүрөк хирургиясы институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты

  • 1 месяц мурун

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгынан кийин Улуттук госпиталдын жана республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Учурда күнүнө 2-3төн операция жасалып жатканын Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиев билдирди.

Республикалык диагностикалык борбордо жүрөк кемтиктеринин хирургиясы жана коронардык хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатышат. Ал эми Улуттук госпиталда Органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барышууда.

12-марттан баштап бейтаптарды Улуттук госпиталга жаткыруу башталары белгиленди.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Кардиохирургия илимий-изилдөө борборундагы 11-февралда болгон өрт кырсыгынан эки киши каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбук баракчасында билдирди.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда чыккан өрттүн кесепетинен бардык бейтаптар шашылыш эвакуацияланып, жакынкы медициналык мекемелерге, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгаштырылды.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты