Кардиохирургия институтундагы өрт кырсыгынын кесепетинен эки киши каза тапты

  • 1 месяц мурун

Кардиохирургия илимий-изилдөө борборундагы 11-февралда болгон өрт кырсыгынан эки киши каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбук баракчасында билдирди.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы, 2 адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 2 автошаты, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынын» куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн себептери такталууда» деп жазды министр Ажикеев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ, 11-февралда кечинде Бишкек шаарындагы кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда (КИИИ) болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды. Өрттүн себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында МинКаб башчысы ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды. 

Жүрөк хирургиясы институтунда чыккан өрттүн кесепетинен бардык бейтаптар шашылыш эвакуацияланып, жакынкы медициналык мекемелерге, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгаштырылды.

Кечээ, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты