Өрттөн улам жүрөк хирургиясы институтунун бейтаптары жакынкы ооруканага эвакуацияланды

  • 1 месяц мурун

Жүрөк хирургиясы институтунда чыккан өрттүн кесепетинен бардык бейтаптар шашылыш эвакуацияланып, жакынкы медициналык мекемелерге, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна жайгаштырылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

«Бардык жабыркагандарга толук көлөмдө медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө төрт бала жана эки  киши бар. Калган бейтаптар тиешелүү бөлүмдөргө бөлүштүрүлдү.Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев окуя болгон жерде болуп, эвакуация жана медициналык жардам көрсөтүү иштерин  көзөмөлгө алды. Медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги бардык оорукана тармактарын мобилизациялап, бейтаптарды шаардык жана жеке менчик тез жардам унаалары аркылуу коопсуз жайларга жеткирди» деп айтылат маалыматта.

Өрттүн кесепеттерин жоюу жана иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштерге Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтары, мэрия, өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана ички иштер министрлиги (ИИМ) тартылган.

Бүгүн, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты