Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 21:07де Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондорунан өрт өчүрүүчү машина, өрт өчүрүүчү штаб, шаардык куткаруу кызматынан куткаруучулар жана кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ дрон менен тартылган. Жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, эки автошаты тартылды.
Дарыланып жаткан бейтаптардын арасынан болжол менен 15тей киши эвакуацияланганы айтылды.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!