Зеленский: Украина өзүн жалгыз коргоого мажбур болууда

  • 2 года мурун

Украинанын Президенти Владимир Зеленский 25-февраль күнү эртең менен өлкө жарандарына кайрылып, аларды Орусиянын агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды.

Ошол эле маалда Президент Украина өзү жалгыз коргонууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, жаңы санкциялар Орусияны токтотпогонун, дүйнө жүзү окуяга алыстан көз салуусун улантып жатканын билдирди.

«Кечээки санкциялар Орусияны токтоттубу? Биз асманыбызда, жерибизде аткылоонун үндөрүн угуп жатабыз. Демек, бул жетишсиз»,- деди Зеленский.

Ошол эле маалда украин Президенти Орусия акыры Украина менен сүйлөшүүгө барат деп эсептейт.

«Согуштук аракеттерди жана бул кол салууну токтотуу жөнүндө сүйлөшүү зарыл. Сүйлөшүүлөр канчалык эрте башталса, Орусиянын өзүнүн жоготуулары ошончо азыраак болот»,- деди Зеленский.

Сөзүнүн аягында Президент орус тилинде Орусиянын жарандарына кайрылды.

«Бүгүн түнү баатыр шаар Киевдин адамдар жашаган кварталдарын бомбалай башташты. Мунун баары 1941-жылды эске салууда. Биз нааразылык акцияларына чыгып жаткан Орусиянын бардык жарандарын көрүп турабыз. Бул силер бизди угуп, бизге ишене баштаганыңарды билдирет. Биз үчүн жана согушка каршы күрөшкүлө» деди Президент.

Кийинчерээк Зеленский «Твиттерге» Украина натыйжалуу эл аралык жардамга муктаж болуп жатканын жазды. Анын айтымында, ал Орусияга басым кылуу, санкцияларды салуу жана коргонууга жардам берүү маселелери боюнча «Бухарест тогуздугуна» кайрылды. «Биз биргеликте Орусияны сүйлөшүүгө макул кылышыбыз керек. Биз азыр согушка каршы коалицияга муктажбыз»,- деп жазды президент.

Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан орус аскерлери киргени кабарланууда.

Украин тарап Орусия кол салган алгачкы күнү 137 украин жараны курман болуп, 316 адам жаракат алганын билдирди. Азырынча орус тарап согуштагы жоготуулары боюнча расмий маалымат бере элек.

Сүрөттө: Орусиянын ракетасы тийген Киев шаарындагы көп кабаттуу үй. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты