Аба коркунучунан улам Киевдин тургундары метродо баш калкалоодо

Украинанын ички иштер министрлигинин башчысынын кеңешчиси Антон Геращенко Украинада бүгүнкү күн оор болорун айтты.

УНИАН-Украина жаңылыктарынын телеграмм-каналы орусиялык танктар жана техника Иванково жана Чернигово аркылуу Киевге жакындап келе турганын билдирди.    

Абадан болчу коркунучтардан улам Киев шаарынын тургундары метродо баш калкалоодо.     

Сүрөт: RFE/RL

Орус Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты