Сергей Корецкий Украинанын премьер-министри болуп дайындалды

  • 4 недели мурун

Сергей Корецкий Украинанын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу РБК Украина басылмасы билдирди.

Украинанын Жогорку Радасы “Нафтогаз” жана “Укрнафттын” мурдагы жетекчиси Сергей Корецкийди колдоду, ага макул 289 добуш берди, бир киши каршы жана 21 киши добуш берүүгө катышкан жок.

Сергей Корецкий 48 жашта. Анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский сунуштаган.

14-июлда Жогорку Рада Украинанын премьер-министри Элия Свириденконун отставкасына каршы добуш беришкен.

Сүрөттө:   Сергей Корецкий. Владимир Зеленскийдин телеграм-каналы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты