Украина дрондору Wildberries кампаларына дагы сокку урду

3-августта эртең менен Украина бул жолу Wildberries маркетплейсинин Владимир облусундагы логистика борборуна сокку урду. Бул тууралуу “Медуза” сайты жазды.

Логистикалык борбордун имараты өрттөндү. Компаниядан басылмага билдиришкендей, кызматкерлерди эвакуациялап үлгүрүшкөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, дене-боюнан жабыркаган адамдар болгон эмес деп айтылды. Владимир облусунун губернатору Александр Авдеевдин айтуусу боюнча үч адам жабыркаган.

Губернатор Авдеев билдиргендей, Украина дрондору Собин округундагы кампаларга чабуул койгон.

“Имараттар талкаланды, өрт чыкты” деди губернатор.

Соккулардан улам, Wildberries маркетплейси 215–280 миллиард рубль жоготушу ыктымал экенин Forbes жазды.  

Буга чейин Украина дрондору Wildberries маркетплейсинин ар кайсы жерлердеги кампаларына чабуул койгон. Бул аталган компаниянын чабуулга кабылган 18-кампасы экени айтылууда.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты