Владимир Зеленскийден дагы бир кайрылуу: Бул 1941-жылды элестетип жатат

Украинанын Президенти Владимир Зеленский украиналыктарга жана орусиялыктарга дагы бир кайрылуу менен чыкты.

Украиналыктарга кайрылуусунда Владимир Зеленский мындай деди:

Украиналыктардын тилектештиги, чечкиндүүлүгү гана биздин эркиндикти сактап калат, мамлекетибизди коргойт. Аскерлер, чек арачылар, улуттук гвардия, полиция, чалгын, аймактык коргонуу күчтөрү — бардыгы мүмкүн болушунча өз милдеттерин аткарууда. Коргонобуз! Токтобойбуз! Украинага даңк! -деди Зеленский.   

Ал эми орусиялыктарга кайрылып, буларды айтты:

-Бүгүн түнү баатыр-шаар Киевдин турак үйлөрүн бомбалай башташты. Бул 1941-жылды элестетип жатат. Каршылык акциясына чыгып жаткан Россия Федерациясынын бардык жарандарына айтаарым,   биз силерди көрүп жатабыз. Демек, силер бизди уктуңар. Бул силер бизге ишене баштаганыңарды билдирет. Биз үчүн күрөшкүлө, согушка каршы күрөшкүлө!-деди Владимир Зеленский.

Орус Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты