Россия 8-9-майда Украина менен убактылуу элдешүү күндөрүн жарыялады

  • 6 дней мурун

Россия Жеңиш күнүнө карата, 8-9-майда Украина менен элдешүү күндөрүн жарыялады.

Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.

“Украина тарап бул мисалды колдоого алат деп эсептейбиз” деп билдирди Коргоо министрлиги.

Ошону менен бирге, эгерде Украина Жеңиш күнүн майрамдоону үзгүлтүккө учуратса, анда орус аскерлери жооп кылып, Киевдин борборун ракета менен аткылаарын да кошумчалады.

Аргасыз чараларга баруу керек болсо, Киевдин калкын жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүк кызматкерлерин шаардан өз учурунда чыгып кетүүгө чакырды.  

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-майдан баштап, “жымжырттык режимин” жарыялады.  

“Биз адам өмүрүн “кандай гана майрамды болбосун, белгилөөдөн жогору коебуз. Ошол себептен 5-майдын түнүнөн 6-майга караган күндөн баштап “жымжырттык режимин” жарыялайбыз. Эгер Россиянын Коргоо министри Украинанын колдоосуз бул парадды өткөрбөй турган болсо, анда Россия жетекчилери согушту аяктоо үчүн чыныгы кадамдарга барышы керек” деп билдирди Зеленский Телеграм каналда.   

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө  Жеңиш күнүнүн урматына Украина менен убактылуу элдешүү болушу ыктымал экендигин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты