Зеленский Киевде орусиялык диверсиялык топ жүргөнүн айтты

Украинанын Президенти Владимир Зеленский 25-февралга караган түнү видеокайрылуусунда Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарында 137 украин адамы набыт болгонун билдирди.

Зеленский Кара деңиздеги Змеиный аралындагы украин чек арачыларынын баары милдетин аткарып жатып окко учканын маалымдады. Ал Киевде орусиялык диверсиялык топ жүргөнүн, «душман биринчи кезекте аны бутага алса дагы шаардан кетпей турганын» айтты.

Зеленский украин жоокерлери «душмандын мизин кайтарды» деп белгиледи жана жарандарды комменданттык сааттын талаптарын сактоого чакырды.

Мунун алдында ал аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол койгон. Чек ара кызматы 18тен 60 жашка чейинки эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.

Ал арада Польша Украина менен чектеш аймагында качкындарды кабыл алуу жайларын ачты. Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Польша Украина менен чек арасында качкындар үчүн тогуз бекет уюштурганын жазды.

Орус Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты