Трамп Россия жана Украина 9-майдан 11-майга чейин элдешкенин билдирди

  • 1 месяц мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен Украина 9-11-май аралыгында ок атышпай турганын, элдешүү жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу Трамп Truth социалдык тармагында жазды.

Москва жана Киев аны тастыктады.  

Трамптын айтуусу боюнча, элдешүү 9-майдан 11-майга чейин созулат.  АКШнын президенти бул өзүнүн демилгеси экенин жана Владимир Путин менен Владимир Зеленский колдогонун айтты.  

“Бул күндөрү ок атышуу токтойт, ар бир өлкөдөн миңден туткун алмашуу жүрөт” деп жазды Трамп.

Россия Жеңиш күнүнө карата, 8-9-майда Украина менен элдешүү күндөрүн жарыялаган.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-майдан баштап, “жымжырттык режимин” жарыялады.  

Сүрөт коллажы: Зеленский, Трамп, Путин. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты