Ысык-Көл: Баткенден келген жарандар жайгаштырылды

  • 2 года мурун

Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл районунун эс алуучу жайларына жайгаштырылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

“Ак Бермет” пансионатына 20 киши, “Көгүлтүр Ысык-Көл” 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 киши, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгажкан турак үйгө 11  жана өз каалосу менен туугандарыныкына кеткен 30 киши. Жалпысынан 169 киши жайгаштырылды

Жарандарыбызга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылууда.

Өзгөчө кырдаалдр министрлиги (ӨКМ) тарабынан келген жарандарды кординациало иштерин жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты