Өзгөчө кырдаалдар экс-министри Бообек Ажикеев кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды.   

Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имараттын мыйзамсыз курулганы аныкталган.

Бул объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү иш кагаздары жок, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасына кирген аймакта, дарыядан беш метр аралыкта курулган.

Мындай укукка каршы аракеттердин кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленди.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Аталган кылмышка шектүү катары мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Б.А. (Бообек Ажикеев-ред.) кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөттө: Бообек Ажикеев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты