Шашылыш билдирүү: 1-4-октябрда катуу жаан жаап, сел жүрүшү ыктымал
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1–4-октябрына чейин республиканын айрым аймактарында катуу жаан-чачын жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүү сунушталат.
ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




