Ысык-Атанын Будёновка айылында 17 жашар бала жанын кыйганы айтылды

  • 3 месяца мурун

Ысык-Ата районундагы Будёновка айылында 17 жаштагы бала жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы “Азаттык” жана «Кактус» басылмаларына тастыктады.

24-февралда эртең мененки саат 8де райондук милицияга 2008-жылы туулган К.М. аттуу бала асынып алуу менен жанын кыйганы тууралуу кабар айтылган.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, экспертизалар дайындалгандыгы белгиленди.

Бүгүн, 26-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев акыркы бир жума ичинде үрөй учурган жаңылыктар болгонун, жогорку класстагы балдардын өлүмү тууралуу Министрлер кабинетин чукул жыйын өткөрүүгө чакырып, чара көрүү керектигине токтолду.  

Кийинки убактарда балдар өз жанын кыйып же ур-токмоктон өмүрлөрү кыйылып жаткан фактылар көп катталууда. Каракол шаарында ээн калган имаратта 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Токмок шаарында 2008-жылы туулган мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты