Токмокто окуучу өз жанын кыйганы айтылууда
- 1 год мурун
Чүй облусунун Токмок шаарында 2008-жылы туулган мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, маркум Токмоктогу №2 мектепте окучу. Ал 16-февраль күнү өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө асынган абалда табылган. Turmush басылмасы Чүй облустук милициясы бул окуяны тастыктаганын жазды.
Милициянын маалыматында, 16-февралда Токмок шаардык милициясына 2008-жылы туулган М.Х. аттуу эркек бала өз жанын кыйгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгында аталган окуучу мектепте жакшы окугандыгы, олимпиадаларга катышып, үлгүлүү окуучу болгондугу маалым болгон. Маалыматта маркумдун чоң атасы каза болгондон кийин жашоого болгон мамилеси өзгөргөн деп айтылат. Маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктан жабыркагандыгы аныкталган эмес.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү уланып жатканы айтылды.
Сүрөт: интернет булактары




