Караколдо өспүрүмдүн сөөгү асынган абалда табылган

  • 3 месяца мурун

Каракол шаарында ээн калган имаратта 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ЖМКга тастыктаган.  

21-февралда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө ээн калган имаратта белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.  

Милиция кызматкерлери ал жерге барганда өспүрүмдүн сөөгүн асынган абалда табышкан. Милиция 2008-жылы туулган өспүрүмдүн тек-жайы аныкталган, анын сөөгүндө кыйнап өлтүрүү белгилери болгон эместигин билдирген.

Тиешелүү экспертиазалар дайындалган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты