Жанар Акаев балдардын өз жанын кыйып жатканы боюнча чукул жыйын өткөрүү керектигин айтты
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 26-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев акыркы бир жума ичинде үрөй учурган жаңылыктар болгонун, жогорку класстагы балдардын өлүмү тууралуу Министрлер кабинетин чукул жыйын өткөрүүгө чакырып, чара көрүү керектигине токтолду.
“Бир жуманын ичинде беш-алты баланын өлүмү катталды, Ысык-Көлдө, Ноокатта, Токмокто, 10-11-класстын балдары асынып өлүм жатпайбы азыр. Ушул боюнча иштеп, премьер-министр чукул жыйын өткөрүш керек эле. Эмнеге өткөрбөй жатасыңар? Министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын өткөрүшү керек. Бул – трагедия. Беш-алты бала өлдү, арасында өз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат, баладан баалуу эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан түшүндүрүү иштери боюнча ИИМ, билим берүү министрлиги, маданият министриги ыкчам иштерди алып барышы керек, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Балдардын коопсуздугу чоң коркунучта” деди депутат Акаев.
Кийинки убактарда балдар өз жанын кыйып же ур-токмоктон өмүрлөрү кыйылып жаткан фактылар көп катталууда. Каракол шаарында ээн калган имаратта 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Токмок шаарында 2008-жылы туулган мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйган.
Сүрөттө: Жанар Акаев. kenesh.kh