Манас шаарында автоунаадан ок чыгарууга шектелген жарандар кармалды

Манас шаарында автоунаадан ок чыгарууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Манас шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 22-августта Манас шаарында автоунаада бара жатып ок чыгарган жарандардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

Аталган факты Манас  шаардык ИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2007-жылы туулган У.К. жана 2004-жылы туулган К.К. аттуу шектүү жарандар кармалган.

Факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: Манас шаардык ИИБ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты