Ырчы, активист Аскат Жетиген эки айга камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 20-мартта, ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кайра кармалды жана соттун чечими менен 19-майга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди.

Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта кармалган жана 48 саатка камалган

18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ырчы жана активист Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Адвокат Венера Буудайбекованын айтымында, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасап, мурдагы сөгүнгөндөрү үчүн элден кечирим сурады.

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты