Аскат Жетиген эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ырчы жана активист Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ырчы, активист Аскат Жетиген айла кеткенде бийликтегилерге ачуу сөздөрдү айтканын жана аны кылмыш деп эсептебей турганын билдирген.

-Мен муну кылмыш деп эсептебейм. Анткени буга чейинки убакытта көп жолу ишти сылык-сыпаа алып барууга аракеттенип келгем. Күбөлөр дагы бар. Ошолор тастыктап бере алат. Менин катуу сөздөрүм бул айла кеткендеги иш, -деди Аскат Жетиген. 

Ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 16-мартта кармалган жана 48 саатка камалган

Адвокат Венера Буудайбекованын айтымында, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты