«Кысым болорун күткөм». Акын Аскат Жетиген билдирүү жасады

  • 1 месяц мурун

Эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган акын Аскат Жетиген Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасап, элден кечирим сурады.

«Мен элимден кечирим сурайм.
Залкар өнөрдүн ээси болуп туруп, маданиятсыздыкка алдырганым үчүн. Ошол эле учурда эскертип айта кетким келет. Мен маданиятсыздыкка алдырган жокмун. Мен атайын сөктүм. Бул кадамым менин 20 жыл бою кашыктап чогулткан кадырымды чөмүчтөп чачып коёрун билип туруп сөктүм.

Элимдин таламын талашып, жеримди бүтүн бойдон сактоо үчүн мен тозокко киргенге даярмын. Мамлекетин бүтүндүгү, эгемендиги, келечеги коркунучта турган кезде жасалма сүйлөп жасакер боло албайм. Бул позицияда акырына чейин турам. Ак ийилет, бирок сынбайт», — деп жазды Аскат Жетиген.

Ырчы, акын, активист Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта кармалган жана 48 саатка камалган

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты