Ырчы Аскат Жетиген камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 16-мартта ырчы, акын, активист Аскат Жетигенди кармагандыгы маалым болгон. Ал 48 саатка камакка алынганын “Азаттыкка” адвокат Венера Буудайбекова билдирди.

Жактоочу билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ырчыны Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген.

Адвокаттын айтымында, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Аскат Жетиген белгилүү акын, комузчу. 18 жашында фольклордук-этнографиялык “Ордо сахна” ансамблин жетектеп, 20 дан ашык өлкөлөрдө гастролдо болгон.

2021-жылдан бери ал азыркы бийликти сындап келген, анын ичинде кумар оюндарын легалдаштыруу, мамлекеттик туунун өзгөртүлүшү боюнча.

Соңку жолу ал президенттин 14-мартта берген маегин кескин сындап, уят сөздөрдү да колдонгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты