Улуттук фтизиатрия борборунун директору Каратаев кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев кызматынын бошотулду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Айтымында, бул тууралуу чечимге премьер-министр Акылбек Жапаров кол койгон.

Каратаев 2022-жылдын 22-апрелинен бери аталган борбордун директору болуп иштеген.

Бүгүн, 4-июнда, Президенттин нускамасы боюнча саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев жана  Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Сүрөттө: Мадамин Каратаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты