Улуттук госпиталда катаракта операциясы 18-27-майда акысыз жасалат

  • 3 месяца мурун

18-27-май күндөрү Улуттук госпиталда Кытайдын офтальмолог-дарыгерлери «Экспресс-ден соолук — жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында бейтаптарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, катаракта боюнча операция жасашат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Долбоордун алкагында катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.

Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майына чейин жүргүзүлөт.

Каттоо убактысы: иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин.
Байланыш телефону: 0 (555) 025-171
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты