Министрлик: Кыргызстанда эбола вирусу катталган эмес
- 4 недели мурун
- Баяндар
Кыргыз Республикасынын аймагында Эбола ысытмасынын учурлары катталган эмес. Өлкөгө инфекциянын алып келинүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Конго жана Угандада катталган эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаганын маалымдайт
ДССУнун жана эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын маалыматына ылайык, ebola bundibugyo вирусуна байланыштуу оорунун жайылышы тастыкталган учурлар жана өлүм учурлары менен коштолууда.
Аймактагы өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык өнөктөштөр менен бирге байланышта болгон адамдарды аныктоо, лабораториялык диагностика, бейтаптарды обочолонтуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча комплекстүү эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.
Эбола ысытмасы жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекциялардын катарына кирет. Дарт жуккан адамдын же жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түз байланышта болгондо, ошондой эле булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт.
Оорунун белгилери төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
— дене табынын кескин жогорулашы;
— катуу алы кетүү жана чарчоо;
— баш жана булчуң оорулары;
— тамак оорушу;
— жүрөк айлануу, кусуу, ич өткөк;
— ичтин оорушу;
— айрым учурларда геморрагиялык белгилер (кан кетүүлөр).
Кыргыз Республикасынын аймагында Эбола ысытмасынын учурлары катталган эмес. Өлкөгө инфекциянын алып келинүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда, бирок Саламаттык сактоо министрлиги биологиялык коркунучтарга каршы саламаттык сактоо тутумунун даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Мамлекеттик чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкөгө алып келинишине каршы даярдыгы текшерилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштайт:
• Африка өлкөлөрүнө туристтик, кызматтык жана иш сапарларды пландаштырууда эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу;
• жеке гигиена эрежелерин сактоо;
• учуу учурунда же аэропортто оорунун белгилери пайда болгон учурда аэропорттун санитардык-карантиндик пункттарынын адистерине кайрылуу;
• Эбола катталган өлкөлөрдөн кайтып келгенден кийин дене табы көтөрүлүү, алсыздык, кусуу, ич өткөк, кан кетүү сыяктуу белгилер пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылуу жана барган өлкө тууралуу маалымат берүү;
• инфекцияга шектенүү жаралса же суроолор пайда болсо, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча операциялык борборунун ишеним телефонуна кайрылуу: 0312 32 32 92.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантып, эпидемиологиялык абалдагы өзгөрүүлөр тууралуу калкка өз убагында маалымдап турат.
Ошондой эле, мурда маалымдалгандай, 2026-жылдын май айынын башында дүйнөлүк маалымат каражаттарында жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда Аргентина – Кабо-Верде багыты боюнча жүргөн MV Hondius круиздик кемесинде Андес вирусуна (ANDV) байланыштуу хантавирус инфекциясынын жайылышы катталганы тууралуу маалымат жарыяланган. Маалыматтарга ылайык, жүргүнчүлөр арасында оор учурлар жана өлүм учурлары катталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги хантавирус инфекциясы боюнча да эл аралык эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Инфекциянын Кыргыз Республикасына алып келинүү коркунучу төмөн деп бааланганына карабастан, Түштүк Америка өлкөлөрүнө баруучу жарандарга кемирүүчүлөр жана алардын бөлүнүп чыккан заттары менен байланыштан алыс болуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо жана чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин ден соолугунун абалына көңүл буруу сунушталат.
Иллюстрацилык сүрөт: Интернет булактарынан




