Украинанын Евробиримдикке кирүү арызы кабыл алынды
- 2 года мурун
Украинанын Евробиримдикке кирүү боюнча арызы кабыл алынды.
Бул тууралуу Украина Президентинин офисинин башчысы Андрей Ермак Твиттерде билдирди.
Вчора @ZelenskyyUa підписав заявку про вступ України до ЄС за прискореною процедурою. Зараз заявку прийнято, зареєстровано. Вона – на розгляді. @ZelenskyyUa виступить перед депутатами Європарламенту. Слідкуйте у відео форматі.
— Andriy Yermak (@AndriyYermak) March 1, 2022
Владимир Зеленский Украинаны Европа Биримдигине кабыл алуу тууралуу арызга 28-февралда кол койгон.
Орусиянын Президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.
Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.
Мунун алдында Украинанын коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган.
Орусия каза тапкан же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.
Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын 28-февралда сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду аяктады.