Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн жолугушуусу 4-5-февралда күтүлүүдө
- 1 месяц мурун
Абу-Даби шаарында Украина, Россия жана АКШ жолугушуусу 4-5-февралда күтүлүүдө. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармакта билдирди.
“Украина ток этер сүйлөшүүлөргө даяр. Биз согушту иш жүзүндө жана татыктуу соңуна чыгарган жыйынтыкка кызыкдарбыз” деп жазды Зеленский.
Россиянын жана АКШнын өкүлдөрү бул билдирүүгө комментарий берише элек.
ТАСС агенттигинин жеке булагы, сүйлөшүүлөр ушул жуманын ортосунда Абу-Даби шаарында өтөрү бклгиленгенин билдирген.
Буга чейин үч тараптуу сүйлөшүүлөр Абуд-Даби шаарында 1-февралда өтөрү айтылып жаткан. Россиянын президентинин басма сөз катчысы бул тууралуу 28-январда билдирген. Ал эми Зеленский АКШ жана Ирандын мамилесинин катаалдашынан улам, сүйлөшүүлөр жылдырылышы мүмкүндүгүн айткан.
Украина, Россия, АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабы Бириккен Араб Эмираттарынын Абуд-Даби шаарында 23-24-январда өткөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




