Путин Донбасста атайын аскердик операция башталганын жарыялады

  • 2 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим чыгарганын жарыялады.

Ал кайрылуусунда украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

«Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз», — деди Путин.

Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген.

Ушул тапта Краматорск, Харьков жана Киевде жардыруулар болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Орусиячыл жикчилдер Донецкте атышуу башталганын жазышты. Мариуполдо дагы атышуу башталганы кабарланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты