Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду аяктады

  • 2 года мурун

Орусия менен Украинанын делегацияларынын 28-февралдагы сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүдөн кийин брифингде Украинанын аймагында ок атууну токтотуу үчүн тараптар айрым чечимдерди такташканын, калганын өз жетекчилери менен такташуу үчүн артка кайтып жатышканын, жакын арада сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду болорун билдирди.

Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын делегацияларынун сүйлөшүүсү Белорусиянын Гомель облусунда өттү. Ага Украина тараптан «Слуга Народа» фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк, Үч тараптуу байланыш тобундагы украин делегациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костя, депутат Рустем Умеров, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точиский барды.

Орусиянын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Андан тышкары делегациянын курамында тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык саясат боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Орусиянын Белорусияданы элчиси Борис Грызлов бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты