Россия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнүн кийинки жолугушуусу Женевада өтөрү күтүлүүдө
- 4 недели мурун
Россия, АКШ жана Украинанын кийинки сүйлөшүүсү 17-18-февралда Женева шаарында өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын президентинин жардамчысы Дмитрий Песков билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.
Кийинчерээк Украинанын президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин маалыматты тастыктаган.
Сүйлөшүүлөрдө Россия делегациясын президенттин кеңешчиси Владимир Мединский, ал эми Украина делегациясын Рустем Умеров жетектеп барары айтылууда.
Аталган мамлекеттердин үч тараптуу жолугушуусунун эки жолкусу Абу-Даби шаарында өткөн. Биринчи сүйлөшүүлөр 23-23-январда, экинчиси 4-5-февралда болгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




